Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. 1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган.
Учурда аталган иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, 18-июнда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотто каралып, соттун жүрүшүндө прокурор Кулматовго карата дагы башка кылмыш иш козголгон.