Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде курулуп жаткан “1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекстин” курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге обьектидеги курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, комплекстин курулушу президент Алмазбек Атамбаевдин «1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориал жөнүндө» жарлыгын жана өкмөт тарабынан бекитилген 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планынын алкагында башталган.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгын өткөрүүнүн тарыхый маанисин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.