Лейлекте май куюучу жайда өрт чыгып, төрт киши жараат алып, 10 машине өрттөнүп кетти

Автор -
304

Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрттөн төрт киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары. Өрттөн жабыркаган кыргыз жараны (1963-жылы туулган Т. Б) Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылган. Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен.

Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан станциялардын биринде өрт 4-июлда саат 20.30дар чамасы чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо эки сааттан кийин чектөөгө алынып, 5-июлда таңкы саат 5 жарымга жакын толук өчүрүлгөнүн кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө Кыргызстан тараптан бир, Тажикстандан үч бөлүм тартылган. Тилсиз жоодон май куючу станция толугу менен күйүп кеткен.

5 фура, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 спринтер, 1 жеңил машине өрттөнүп кетти.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык  чыгымдар такталууда.