Автокинотеатрды ачабыз. Бул бизнестин биринчи карлыгачы ишин 1933-жылы Америкадан баштаган Ричард Холлингсхед болгон.
Алгач көрүүчүлөр тасманы көрүү үчүн 25 центтен төлөшкөн, ал эми автоунаасын койгонго дагы 25 цент кеткен. Ыңгайсыздык колонкалар алсыз болгондуктан, акыркы катардагылар экранда болуп аткан окуяларды жакшы угушпагандыгы менен коштолгон.
1940-жылдары дөңгңлөк үстүндөгү кинотеатр элдин колдоосуна татып кеткен, бирок, экинчи дүйнөлүк согуш бул бизнеске терс таасирин берген.
Кыскасы, согуштан кийин Жаңы Дүйнөдөн келген ишкерлер бул ишти жандандырууну чечип, аны жолго салууну өз колдоруна алышкан. Анын шарапаты менен 1948-жылы Америкада сегиз жүзгө жакын автоунаа кинотеатрлары ишке кирген. Алардын бир каталары жаш балдар үчүн ар кандай көңүл ачуучу программаларды ойлоп табышкан, анткени, аларга барган көрүүчүлөр көбүнчө үй-бүлөсү менен чогуу барышчу. Бизнестин гүлдөгөн учуру 50-жылдарга туш келген.
Бул жылдары автоунаа кинотеатрларынын саны беш миңден ашкан. Алардын ар бири өз рекордун коюшкан. Мисалга эң чоң кинотеатр 2,5 миң автоунааны батырып, дагы 1,2 миң адамга орундук да камдашкан.
Мындай түрдөгү кинотеатрларга эмнелер керек?
1. Аянт жана экран
Биринчи машинелер жана катарлаш тизилген орундуктардын ортосунда төрт метрден кем эмес аралык болушу зарыл. Бул эшиктердин кенен ачылышына жардам берет. Мындай кинотеатрлардын долбоорун түзүүдө оң жана сол жактагы өтмөлөр туурасынан жети метрден кем болбошу керектигин эске алуу керек. Экран туурасынан 25-30 метр, узундугу 19 метрге жетсе жакшы. Экран көлөмү адатта 12,5 метрге 30 метр туура келет.
Экрандын ылдый тарабы 5-6 метр бийиктикте, 3-5 градус бурчта турушу зарыл. Коопсуздук техникасынын эрежесине ылайык, экрандан көрүүчүлөр отурчу биринчи катарды 25 метр аралык алыстыкта жайгаштыруу туура. Катуу шамал болсо, экран кулап кетээри бар. Машинелердин саны театрдын аянтына чакталат.
2. Дренаждык система
Асфальтталган аянт же мыкты дренаж жамгыр жаап кетсе керекке жарайт. Эгер сандарды эсептей турган болсок, 600 автоунаа менен биргеликте кинотеатрды камтыган аянтка бир сантиметр чөгүү жети жүз тонна сууну керектейт.
3. Рампа (алдыңкы сахнаны бойлото жасалган, жарык кылуучу аспаптар коюлган, узун жапыз барьер)
Ал автоунаалар токтотулчу жайларга керектеет, машиненин алдыңкы бөлүгүн бир аз гана өйдө көтөрөт, бул көрүүчүлөргө ыңгайлуу болот.
4. Чыгуу-кирүү
Кенен чыгып-кирүүчү жол кандай автокинотеатр болбосун биринчи артыкчылыгы болуп эсептелинет. Жол ири бурулуштарга, өйдө чыгып, ылдый түшчү жерлерге ээ болбошу керек. Автоунаалардын кайсы убак болбосун театр аймагына кенен кирип-чыгуусу комфорттун башкы шарты.
5. Касса
Ал жайгашкан жер кирип-чыгууда автотыгынын жаратпагыдай болсун.
6. Кошумча кызмат көрсөтүү
Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы билеттин наркынын 60тан 300гө чейинки пайызын түзүшү мүмкүн. Мобилдик кафе деп аталчу автокинотеатрлардагы ашкананын кнадай болоорун тереңдеп карап чыккандан кийин гана баарын иш жүзүнө ашырууга канча акча сарпталары белгилүү болот.
Бирок, бизнестин бул түрүнөн кетирген чыгашаларды кайтарып алуу узакка созулат. Балким 15 жылга да жетет. Бул дагы ар бир сеанста токсондон кем эмес көрүүчү болот деп ишенгенде гана. Бизнестин бир катар кошумча багыттарын да кошо колго алса, киреше кирүү менен чыгашаны актоо аракеттерин тездетүүгө болот.
Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланган ишкерлердин тажрыйбасына караганда, Орусияда жылына автокинотеатрлар 100-120 күн иштешет.
Киреше кинотеатр жайгашкан жерден, билеттин наркынан, сеанстардын санынан көз каранды. Эгер аянтты эки эселеп пайдалануу, ар кандай кошумча тейлөө акыларын кошкондо киреше бир топ көбөйөт.
Бул бизнеске талап кылынчу документтер кинону прокатка алуу лицензиясы гана. Бул атайын документизация. Көңүл ачуу индустриясын өнүктүрүүгө салым кошкон мындай кинотеатрларды өлкөнүн бардык аймактарында ачууга болот.
Ишкерлердин айтымында, долбоор бюджеттик, арзан техника коюлуп, баары өтө жеңил аткарылат. Биздин өлкө үчүн бул өнүгүп келаткан бизнес, ошондуктан үйрөнүү керек болгон бир катар ньюанстары бар.
Өлкөнүн климат өзгөчөлүгүнө жараша кинотеатрды жылына 100-120 күн иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Албетте, эгер кеп өлкөнүн эрте суук түшчү аймактары тууралуу болуп аткан болсо.
Андан тышкары ар бир жүргүнчүдөн акы алуу керекпи, же бир автоунаадагылар баары чогулуп бир билет менен киреби — аны да ойлонуу зарыл. Экран орнотууга чоң имараттын дубалы жарайт. Бул соода борбору болушу да мүмкүн, мында пайда көбүрөөк — даяр соода түйүндөрүн пайдаланып, көрүүчүлөргө кошумча тейлөөлөрдү аткарса болот.
Америкалык кыял балким биздин өлкөдө да орундалаар. Бирок, мында өзүнүн кыйынчылыктары бар. Жергиликтүү бийлик ээлери менен сүйлөшүп, тийиштүү уруксат алууга бир топ каражат да, нерв да кетери талашсыз.
Ишкананы анчалык кымбат эмес техникаларды пайдалануу менен баштоо кетирген чыгымдарды тезирээк кайтарып алууга өбөлгө болот. Башкалар да мындай ишкананы аянтты эки башка өңүттө колдонгондо гана эки эсе кирешелүү болоорун айтышат. Анан да кошумча тейлөөлөрдү сөзсүз кошуу керек.
Башка жагынан караганда чыгашаларды кайтарып алуунун 15 жылдык мөөнөтү бул бизнесте бир топ олуттуу мамиле кылууну калыптандырат.
Эгерде сизде ишкердиктин духу уктап аткан болсо жана аны ишке киргизүү зарылчылдык жаратса, эгер сиз абдан энергиялуу жана оригиналдуу аракеттерди жасоону кааласаңыз, анда автокинотеатр тармагынан өз күчүңүздү сынап көрсөңүз болот.
Булак:presskg.com