Аба ырайы: 9-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Автор -

8-10-июлдарда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт, — деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат. 8-10 июлдарда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бүгүн, 9-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.