Коррупциялык  иштер үчүн ачылган эсепке 39 млн. сом түштү

Автор -

Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке 39 миллион сом которулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү депозиттик эсеп бир жума мурун, 3-июль күнү КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомун ишке ашыруу максатында  Каржы министрлиги тарабынан ачылган.

«Мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 39 миллиондон ашыгыраак сом которулду», — деп жазылат  маалыматта.

Билдирүүдө бул багыттагы жумуш улантылып жатканы айтылат