Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Автор -
293

«Ош облусунун аймагында 17-июль күнү саат 20:35те жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү аймагында 3 баллга жеткен»,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Кызыл-Коргон, Күн-Элек айылдарында 3 балл, Таш-Коргон, Жылуу-Суу жана Кошулуш айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.