Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн,19-июлда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.
Албек Ибраимов «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шектүү саналып УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.
Аталган факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.