Ысык-Көл облусунда 6 ай ичинде 238ден ашуун кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, облустун аймагында 22 атайын коддук операция жүргүзүлгөн.
Натыйжада 145 башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо, 16 мал уурдоо фактысы, 12 тоноочулук, 1 киши өлтүрүү жана каракчылык, 3 зордуктоо, 2 опузалап коркутуу, 2 транспортту мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу жана башка кылмыштардын бети ачылган.
Ошо менен бирге 29 баңгизат кылмышы аныкталып, издөөдө жүргөн 39 кылмышкер кармалган. Дайынсыз жоголгон 11 адамга издөө жарыяланып, каза болгон эки адамдын өздүгү такталган.