Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр Медербек Кубаныч уулу менен Исламбек Назарбаев табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Эске сала кетсек, кечээ, 19-июлда милиция 2004-жылкы Кубаныч уулу Медербек жана 2004-жылы туулган Назарбаев Исламбек Жоомартович аттуу балдар жоголуп кеткендиги тууралуу билдирүү тараткан.
Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери билдирүү түшкөндөн кийин дароо издөө иштерин башташкан. Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүм балдар табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Инспекторлор алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Эки өспүрүм Бишкекте сейилдеп жүрүшүп, кийин өздөрү жашаган районго келип, тааныш досунун үйүндө болушкан.