Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келет

Автор -

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев сентябрь айында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзбек лидери 3-сентябрга белгиленген Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине катышат. Саммит Чолпон-Ата шаарында өтөт. Кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктаган.