Эртеӊ, 26-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын тоолуу райондордо гана болот, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус.