Журналист Улан Эгизбаев чөккөн жердеги журналисттердин иликтөөсү (Видео)

Автор -
664

Азаттыктын жааматы Улан Эгизбаев чөккөн жерге барды. Бул туурасында Азаттыктын жетекчиси Венера Сагындык кызы фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Кочкордон чыгып, Ысык-Көлдүн жээгинде ал өткөргөн акыркы мүнөттөрдү видеодон көрүп, ал жерде иштеп, эс алып жүргөн күбөлөрдүн айткандарын камерага тартып, оорукана, суучулдардын баарын сураштырып келдик»,- деп жазган Венера Сагындык кызы.

Белгилей кетсек, Уланбек Эгизбаев 24-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта күтүүсүз каза тапты. Милициянын маалыматына караганда, ал Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында эс алып жүргөндө сууга чөгүп, аны көргөндөр жээкке чыгарышкан. Ал «Тез жардам» менен Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлер өмүрүн сактап кала алган эмес.

https://youtu.be/PNUVS6hhWkk