Өлкөбүздө төрт гана куткаруучу кайык бар (Видео)

Автор -
239

Быйыл Кыргызстанда сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын көбү мас абалындагы эс алуучулар же кароосуз калтырылган балдар экенин эскертүүдө. Ал эми жарандар эс алуучу пансионаттардагы куткаруучулардын саны жана сапаты тууралуу маселе көтөрүшүүдө. Эс алуучулардын коопсуздугуна кайсы мамлекеттик орган жооптуу? Куткаруучулардын санын көбөйтүүгө пансионаттарды ким милдеттендирет? Ушул жана башка суроолорго өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жооп берди.