Москвада кыргыз жана өзбек жарандары мушташып, бир кыргызстандык каза болду

Автор -
288

Москвадагы курулуш объектисинде Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарынын ортосунда жапырт мушташ болуп, бир кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу 31-июлда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Соттук эксперттердин болжолдуу маалыматы боюнча кыргызстандыктын өлүмүнө анын бийиктиктен кулап кетиши себеп болгон.

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгы кыргыз жаранынын өлүмү фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады. Мушташка катышкан Кыргызстандын төрт жана Өзбекстандын ондон ашык жараны кармалып, сурак берип жатышат.

Учурда бул факты боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Процессуалдык чечим сурактын жыйынтыгы жана кыргыз жаранынын өлүмүнүн себептери тууралуу экспертизанын корутундусунун негизинде кабыл алынат.

Дипломаттар каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине бүгүн жөнөтүүгө ниетенип жатышат.