Казакстан теңгенин арзандашын «глобалдык тренддердин таасири» менен байланыштырууда

Автор -

Казакстандын Улуттук банкы теңге кунунун төмөндөшүн глобалдык тренддердин таасири менен байланыштырууда.

«АКШнын Федералдык резервдик системасы монетардык саясатты катаалдатышынан улам портфелдик инвестициялар кетип, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көбүнүн улуттук валюталары алсызданды. Мындан Казакстан да четте калган жок», — деп жазылган Улуттук банктын бүгүнкү билдирүүсүндө.

Баалардын базар конъюнктурасы жана экономиканын өсүшүнөн улам башка факторлордун алсыздоо эффектиси жумшарган. Өз кезегинде бул теңгенин долларга карата азыраак арзандашына алып келген.

Улуттук банк белгилегендей, АКШнын Федералдык резервдик системасынын чечимине байланыштуу инвесторлордун көбү өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кыйла тобокелдүү активдеринен кетүүдө.

Казакстан фондулук биржасындагы (KASE) 3-август эртең мененки соодалашуунун жыйынтыгы менен доллардын орточо баасы 349 теңгени түздү. Kurs.kz сайтынын маалыматы боюнча Алматыдагы акча алмаштыруу жайлары бүгүн эртең менен долларды 351-352,5 теңгеден сатышты.