Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-август күнү саат 18:30 чамасында Ош облусун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен.
КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. 6-август күнү издөө иштери улантылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:25те маркумдун сөөгү табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.