Эртеӊ, 9-августта Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,
Нарын жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус болот.
Эртеӊ, Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус жогорулайт.
































