14-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

14-августта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;

Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Нарын дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Ал эми Бишкек шаарында күч ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус ысык.