Түркмөн президенти курал колдонуу чеберчилигин көрсөттү (Видео)

Автор -

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Балкан облусундагы чек ара комплексинин ачылыш аземине катышып, ок атуу чеберчилигин көрсөттү.

Бердымухамедов чек ара бөлүктүн абалы менен таанышып чыкты. Мамлекеттик телеканалдар жоокерлер үчүн мыкты ашкана жана наабайкана иштеп жатканы тууралуу репортаждарды көрсөтүштү. Адатта мындай маалыматтар социалдык медиада жана көз карандысыз ММКларда аскер кызматкерлеринин тамак-ашына камкордук көрүлбөй жатканы тууралуу билдирүүлөр чыккан соң жарыяланат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, жоокерлер ачка калып, көбү ата-энесинен жардам сурап кайрылууга аргасыз болушууда. Алар аскер бөлүгүнө азык-түлүк, анын ичинде нан, картошка жана пияз жөнөтүүнү сурашат. Бул арада армиядагы кыйноолор айрым жоокерлердин өлүмү менен аяктоодо.

Бирок түркмөн президенти менен жоокерлердин жолугушуусу тууралуу репортажда азык-түлүк жетишсиздиги жана кыйноолор тууралуу маселелер айтылган жок.

Жолугушуу учурунда куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Бердымухамедов салттуу түрдө курал колдонууда мыкты чебер экенин көрсөттү.

Бердымухамедов аскер кызматкерлеринин суроосу менен бутага автограф калтырып, аны Мамлекеттик чек ара кызматынын музейине берди.

Бөлүшүү