Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык 234 адам КРнын жарандыгынан чыгарылды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык 234 адам (анын ичинен 206 — чоң адамдар жана 28 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды.