Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине арналган билеттер сатылып бүттү

Автор -
214

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине арналган билеттердин баары сатылып бүттү. Ал эми жабылыш аземине сатыла элек билеттер калды»,-деп билдирди мекеменин катчылыгынан.

Маалыматка ылайык, 15-августка чейин курулуш иштеринин баары бүтүшү керек. Кырчын жайлоосунда президенттер үчүн VIP-шатрдын курулушу бүттү.

«Оюндардын уюштуруучулары региондордон келе турган боз үйлөрдүн санын кыскартты. Бирок, жергиликтүү бийлик ар бир облуска 18ден кем эмес боз үй тигүүнү тапшырды. Кол өнөрчүлөр өздөрү жасаган боз үйлөрдү элдин сынына коюп, сынакка катышууну көздөшүүдө. Чолпон-Атадагы ат майдан толугу менен даяр«,-деп айтылат маалыматта.