Экономист Жумакадыр Акенеевдин сөөгү 17-августта жерге берилет

Автор -

Белгилүү экономист, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө 17-августта коюлат.

Анын тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү. Жумакадыр Акенеев болжол менен саат 18:00дөр чамасында жүрөк оорусунан каза болгон.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Анын артында үч уул, бир кыз калды.

SAAT.KG маалымат агенттиги Жумакадыр Акенеевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.