Эртеӊ, 17-августта өлкөнүн көпчүлүк облустарында жаан жаап, тоолуу райондордо күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26;
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градуска жетет.