Орусияда жети киши жашаган айылда гей-парад өткөрүүгө уруксат берилди

Автор -

Орусияда алгачкы уруксат берилген гей-парад 26-августта Ульянов облусундагы Яблоневый кыштагында өтүшү мүмкүн.

Укук коргоочу жана ЛГБТ-кыймылынын активисти Николай Алексеев жүрүш өткөрүүгө уруксат сурап облустагы Новоульяновск шаарынын акимчилигине кайрылган. Калаа бийлиги шаарда андай иш-чара уюштурууга болбой турганын айтып, гей-парадды Яблоневый кыштагында өткөрүүгө уруксат берди.

Шаар акимчилиги бул чечимин Новоульяновсктун көчөлөрүндө адамдар, анын ичинде «эрезеге жете элек» балдар көп экендиги менен түшүндүрдү.

«Калктын мындай иш-чараларга терс мамиледе экенин эске алып, ошондой эле жаңжал чыгып кетпесин жана «Балдарды саламаттыгы менен өсүүсүнө зыян келтирген маалыматтардан коргоо тууралуу» мыйзам бузулбасын деп, уюштуруучуларга иш-чараны Яблоневый кыштагында өткөрүү сунушталды», — деп билдиришти акимчилик өкүлдөрү.

Яблоневый кыштагы Новоульяновск шаарынан эки чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бир гана көчө бар жана болгону жети гана киши жашайт.

«Гей-парад өткөрүү үчүн 131 жашоочусу бар Панская Слобода айылын сунуштайлы деп дагы ойлогонбуз. Бирок бул заманбап Орусия үчүн өтө элек прогрессивдүү болуп калмак», — деп жазды Николай Алексеев Фейсбук баракчасына.

Ал жүрүштүн катышуучуларынын саны алгач көрсөтүлгөндөй 300 кишиден ашпай турганын убадалап, Новоульяновск шаарынын бийлигине ыраазычылык билдирди:

«Катышуучулардын тизмелерин түзө баштадык. Бул Орусия тарыхындагы укмуштуу окуя! Светлана Анатольевна, рахмат сизге! Сиз чыныгы либерал, демократ жана сонун адамсыз!».

Николай Алексеев мындан тышкары Ульянов облусундагы Димитровград шаарында дагыЛГБТ-акциясын өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бөлүшүү