ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында спикерликке «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды.

Комитет КСДП фракцисынын лидери Чыныбай Турсунбековдун дагы талапкерлигин талкуусуз бир добуштан жактырышкан.

Белгилей кетсек, 13-апрелде ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматынан бошотлуган. Анткени анын иниси Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп дайындалган. 24-апрелде спикерликке Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин ат салышып, жыйынтыгында тең добуш алып калган.