Бүгүн бийик тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт

Автор -
210

«29-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27

Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +25…+27.