Китеп 3 бөлүмдөн туруп, анда имам Азам Абу Ханифа мазхабы, Ахли сунна вал жамаъат матрудий акыйдасы жана ошондой эле жалпы мусулмандарга күнүмдүк турмушта керектеле турган диний маселелерди камтыган баяндар жазылган.

Диний кызматкерлерге жана жалпы окурмандарга сунушталат.

Муфтияттын маалыматы боюнча, «Жума хутбалары» аттуу китеп коргоо кеңешинин чечимдерин аткарууда жана  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында дин кызматкерлери үчүн колдонмо курал жана бардык китеп сүйүүчү окурмандарга арналып басылды. Ошондой эле анда бир топ кызыктуу темалар менен баяндар камтылган.

Китепте кызыктуу окуялар, ажылык, балагатка жетүү шарты, нике маселеси, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жихат түшүнүгү, имамдын ролу, тазалык, ден-соолуктун чың болуу шарты, акыл-эс,ата-энени урматтоо сыяктуу бир топ тарбиялык жааттагы темалар орун алган.

Өлкө аймагындагы ар бир имамга колдонмо курал катары таратылып берилмекчи.