Өлкөдө күмөндүү акциздик маркалар менен 24 миңден ашык спирт ичимдиктери аныкталды

Автор -
413

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери республика боюнча рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө үч күндүн ичинде күмөндүү акциздик маркалар менен 24 миң 396 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында 4 миң 551 бөтөлкө тартып алынса, Ысык-Көл облусунда – 7 миң 414 бөтөлкө, Жалал-Абад облусунда – 2 миң 692, Чүй облусунда – 2 миң 555, Ош облусунда – 2 миң 403, Баткен облусунда – 2 миң 249, Ош шаарында – 1 миң 934, Нарын облусунда – 368 жана Талас облусунда – 230 бөтөлкө тартып алынган.

Салык кызматы акцизделүүчү контрафакттык товарларды аныктоо боюнча соода-базар комплекстеринде, супермаркеттерде, базарларда, чакан жана ири дүкөндөрдө текшерүү жүргүзүүдө. Тартып алынган товарлар жана алар боюнча материалдар Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына экспертиза үчүн өткөрүлүп берилет.