31-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.  Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;

Эртеӊ, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28.