Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстан сапары тууралуу твиттерден билдирди

Автор -
414

Президент Р. Т. Эрдоган Кыргызстандын дүйнөлүк маданият мурасына алып келген Көчмөндөр оюндарын 2020 —  жылы Түркияда өткөрүшөрүн белгиледи.

Социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен Кыргызстан сапары тууралуу маалымат берген Эрдоган сапардын эки өлкөнүн орток тарыхынан күч алган карым  — катнаштардын дагы да өнүгүшүнө себеп болоруна ишенгендигин белгиледи.

Эрдоган сапарда кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен күн тартибиндеги маселелерди карап чыгышкандарын, Жогорку деңээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 4 —  жыйынын өткөрүшкөндөрүн жана Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен күрөштө таштала турган кадамдарды карап чыгышкандарын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода жана маданий карым  — катнаштарды өнүктүрүү тууралуу орток чечкиндүүлүктү көрүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган : «Иш форумунда инвестицияларды колдой туган бардык жеңилдикти түзүүгө даяр экендигибизди билдирдик. Маданий байланыштарыбызды дагы күчтөндүрө турган Бишкектеги республикалык борбордук Имам Серахси мечитинин ачылышын аткардык. 3 – Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катыштык. Кыргызстандын дүйнөлүк маданий мурасына алып келген бул оюндарды 2020 —  жылы буйруса өлкөбүздө өткөрөбүз»,- деди.

«Чолпон  — Атада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын алтынчы саммитинде башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен бирдикте, башта өз акча бирдиктерибиз менен соода кылуу сунушубузду билдирдик жана аймактык, глобалдык темаларды карап чыктык. Кыргызстан сапарыбыздын эки тараптуу жана аймактык карым  — катнаштарыбызда пайдалуу жыйынтыктарды жаратарына ишенем. Мейман достук менен бизди тосуп алган Кыргызстандын президенди Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз калкына ыраазычылыгымды билдирем»,- деди Эрдоган.