Милиция Кыргызстандын самбо боюнча чемпиону, 28 жаштагы Бекзат Жаныбековдун өлүмүн иликтөөдө.
Бишкектин ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, кылмышка шектүү катары маркумдун жердеши, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Алгачкы суракта ал окуяга уруш себеп болгонун айтып берген:
— Ал сөздөн сөз чыгып уруша кеткенин, колуна бычак сыяктуу нерсени алып уруп жибергенин жана кандай жараат алганын көрбөгөнүн айтууда.
Оморовдун айтымында, окуя 3-сентябрда Ленин районунун аймагында болгон. Кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш кодексинин 104-беренесинин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде иш козголуп, тергөө жүрүүдө.