Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча кылмыш иши козголду

Автор -

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев кабарлады.

«Тик учактын эмне себептен өз багытында колдонулбаганы иликтенип жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бул окуя боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы жакын арада даяр болот»,-деп билдирди Сагынбаев

Эске салсак, 9-июлда Ысык-Көл аймагындагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүндө Башкы штабдын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыкка учураган. Кырсык учурунда тик учактагы алты адамдын төртөө жабыркаган.