Нарын дарыясына түшүп кеткен 30 жаштагы жаран бир айдан бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМге 4-август күнү Достук а/а, Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө.
«13-сентябрь күнү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары улантылып, саат 17:38де натыйжа болбогондуктан убактылуу токтотулду. Жаранды издөөгө 7 куткаруучу тартылган. 14-сентябрь күнү издөө иштери улантылат»,-деп айтылат маалыматта.