КСДП фракциясы Токон Мамытовду КР Акыйкатчысы кызмат ордуна талапкер катары көрсөттү

Автор -

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы өзүнүн кезектеги жыйынында Токон Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна талапкер катары көрсөттү. Ал 8 талапкердин ичинен тандалып алынды.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.