Пенсионерди албай кеткен №223 маршруттук таксинин айдоочусу үчүн ал иштеген фирманын жетекчиси кечирим сурады.
Белгилей кетсек, Бишкекте №223 маршрутканын айдоочусу жөнөкөй кийинген кары адамга унаасынын эшигин ачпай жүрүп кеткени тартылган тасма жарыяланган. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы айдоочуга карата чара көрүлөөрүн айтты.