Өзгөндө 5 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Автор -

Өзгөндө 5 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти.  Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жолдон өтүп бара жаткан 5 жашар баланы «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, бала ооруканага жеткирилди.

Окуя Салижан Шарипов орто мектебинин алдында болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү