“Супара” этно комплексинде чыккан өрттүн болжолдуу себептеринин бири электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгышы мүмкүн»,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка таянсак, учурда өрттүн так себеби КР ӨКМдин лабораториясында такталууда.
Белгилей кетсек, 18-сентябрда саат 02:05тер чамасында Көк-Жар айылындагы “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жаңы курулуп жаткан имарат жана 6 боз үй күйүп кеткен