Бирде күлкүнү келтирсе, бирде таң калтырган азыркы кыргыздарга тиешелүү жоруктар.
1Жыгылба дебедим беле
Кыргыз энелери балдары жыгылгандан кийин гана “жыгылба дебедим беле!” деп урушат.
2Кийинки жылы да кийесиң
Ата-энелер балдарына дайыма чоң кийим алып берет, анткени кийинки жылы дагы ошону киет.
3Тамтыгы жок “салфетка”
“Влажная салфетка” менен алгач бетти, колду, суммканы андан кийин бут кийимди сүрткөндөн кийин гана ыргытабыз.
42 сомдун чыры
Коомдук унааларга отурганда капыстан саат жебеси 21:00дөн өткөнүн байкабай 10 сом берсеңиз «көкөтөйдүн ашындагыдай» эле чоң чыр башталат.
5Коноктор кеткенде жейсиң
Апалар балдарынан дайыма жакшы тамак-ашын коруп, «коноктор кеткенде жейсиң» дешет.
6Шашылбайт
Нурука кыргыздар дайыма чакырган жерге кечигип барышат. Кокусунан эрте барып калсаң анда эки саат күттүртүп тажатат.
7Көрө албайт
Жакшы нерсени колдон, буттан алып көтөргөндүн оордуна жаман жагын чукуп гана турат.
8Түнкү үчтө чай ичет
Бир гана кыргыздар коноктон келгенде түнкү үч болсо да, туруп алып устукан менен чай ичет.
9Башкалар кетип өзүбүз калдык
Коноктор узагандан кийин ар бир экинчи кыргыздын төл сөзү: “Өзбек кетип өз калдык, эми өзүбүзчө чай ичели”.
10Көздөгөнүнө бара албаган пенсионерлер
Коомдук авто унаалар пенсионерлерди салбай кетет. Себеби алар 5 сом төлөйт да.
11Куттуу үйдөн куру чыкпа
Кыргыздар өзгөчө мейман дос эл келет. Үйүнө кирсең даам сызмайын чыгарышпайт.
12Кур кол конокко барбайт
Конокко бара турган болсо таттууларды жана башка нерселерди алып барышат. Кур кол барсан балдары алдындан чуркап чыгып «эмне алып келдин» дешип адамды уялтышат.