Ошто “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан “Эрезеге жете элек жарандар менен никеге туруунун алдын алуу” аталышындагы долбоор башталды.
Долбоор алкагында дин кызматкерлери, эркектер жана аялдар медреселеринин окутуучуларынын билими жогорулатылмакчы. Алар үчүн эрте никелешүнүн зыяндуу жактары тууралуу семинарлар өткөрүлөт. Аталган коомдук фонд буга чейин мектептерде, окуучу кыздарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ири маалыматтык компания өткөргөн.
Бул жолу диний лидерлер менен өткөрүүнү баштаган анткени коомдук фонддун жетекчиси Гульсана Абытованын пикиринде, диний лидерлердин элге маалымат жеткирүүдө таасири күчтүү.
“Эрте никеге туруунун зыяндуулугу тууралуу биринчи кезекте маалыматты ата-энелерге жеткирүү зарыл, анткени жаш кыздардын тагдыры көбүнчө ата-энелердин чечиминен көз каранды. Андан соң кыздар менен балдар турмушка чыгуунун жоопкерчиликтерин менен таанышып андан соң бул чоң чечимге баруу керектигин түшүнүүсү керек”,-деп билдирди ”Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытова.
Алгачкы жумушчу топтун жыйынына Ош областынын баардык райондорунан межреселердин, мугалимдери, дин комиссиясынын өкүлдөрү жана милиция органдары катышышты.