“Манас айылы” комплексинде өрт чыкты

Автор -

Калаадагы Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Манас айылы” комплексинде өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен ачык аянтта 1000 чарчы метр куураган чөп, бадалдар жана бак-дарактар күйгөн.

«Өрттүн болжолдуу себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык»,-деп айтылат маалыматта.