Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдык мааракесине карата кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү жана тил саясатын өркүндөтү максатында иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан да иш-чараларөткөрүлүп мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, кызматтык иш-кагаздарды кыргыз тилинде жургүзүү боюнча калоо-сунуштар, аскердик жана кесиптик терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнө түшундүрмө берүү боюнча маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдык мааракесине карата кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү жана тил саясатын өркүндөтү, жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Мамлекеттик тилдин 29-жылдык мааракесине карата КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгында салтанатуу иш-чара болуп өттү. Ага башкармалыктын өздүк курамы катышты.
“Кылым карыткан – кыргыз тили”, “Ч.Айтматов-залкар жазуучу” документалдуу фильми көрсөтүлүп, бүгүнкү күндөгү кыргыз тилинин ролу, өзгөчөлүгү, белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын философиясынын үстүндө доклад окулуп баяндама берүү менен талкуу жүргүзүлдү. Андан соң патриоттук маанидеги ырлар окулуп, жаңылмачтар жана макал- лакаптар айтылды.
Белгилей кетсек мындай иш-чаралар жалпы ӨКМдин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө белгиленип жатат.
КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан да иш-чаралар уюштурулуп, мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, кызматтык иш-кагаздарды кыргыз тилинде жургүзүү боюнча калоо-сунуштар, айтылды.Мындай иш-чара КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жалпы өздүк курамынын катышуусунда да белгиленди. “Кылым карыткан – кыргыз тили” темасынын алкагында доклад окулуп, “Манас” эпосунан алынган идеялар” темасына талкуу жүргүзүлдү.