17-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Бүгүн, 17-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…5,

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 4…9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын темпуратурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 1…3 градус болот.