Бишкектин троллейбус башкармалыгы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында иш алып барат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында айдоочуларга 3 ай бою курс болуп, жалпысынан 10 тема боюнча сабактар өтүлөт. Айдоочулар курстан соң сынак тапшырышат.
Иш-чаранын максаты жол кырсыктарынын алдын алып, айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.