Жумабеков: Айтматов көсөм ойчул, көрөгөч калемгер эле эмес, чыныгы коомдук-саясий ишмер болгон

Автор -

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган илимий-практикалык конференция маарекелик иштердин маанилүү бир бөлүгү болуп саналарын белгилеп, буга жүйө катары Чыңгыз Айтматов көсөм ойчул, көрөгөч калемгер эле эмес, чыныгы коомдук-саясий ишмер болгонун да кошумчалады.

“Эл өкүлү кезинде Чыңгыз Айтматов Жогорку Советтин бардык жыйындарында маданий-социалдык маселелерден баштап, саясий-экономикалык көйгөйлөргө чейинки ошол учурдун урунтуу темаларын козгоп, дайыма эл менен бирге болгон. Эгемен мамлекетибиз түптөлгөн 1990-жылдары да коомдук-саясий турмушка жигердүү аралашкан. Элчилик кызматтарда да узак жылдар эмгенип, өлкөбүздүн эл аралык алакасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Планетанын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө интеллектуалдык ой-толгоолорун ортого салуу үчүн дүйнөгө таанымал чыгармачыл инсандарды жана коомдук ишмерлерди чакырып, Ысык-Көл шеринесин негиздеген”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы анын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө токтолуп: “ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын мурасы дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп,100 миллиондон ашуун нуска менен 130га жакын өлкөдө басылып чыгарылган”, – деп билдирди.

Мындан сырткары, Төрага улуу калемгердин кичи мекени Шекер айылына барып, «Чыӊгыз-Ордо» маданий комплексинин пайдубалына капсула салып келгенин эске салды.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган илимий-практикалык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, илимпоздор жана бир катар коомдук-саясий ишмерлер катышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү