Кыргызгидромет борбору 22нен 26-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, эртеӊ Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
23-октябрь Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 3 .. 5°C, күндүз 15 .. 17° градус жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ыдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3 .. 2°C, күндүз 6 .. 11° градус жылуу болот.
24-октябрда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ал эми 25-26-октябрь күндөрү тоолуу райондордо туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен кар жаашы кутулөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.