Ош шаарында жатакананын төртүнчү кабатынан секирген келин тергөө абагына киргизилди

Автор -

Ош шаарында жатакананын төртүнчү кабатынан секирген келин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келин жети айлык баласын өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда. Учурда бала реабилитациялык балдар үйүндө кармалууда. Соттун токтому менен аял Жалал-Абад облустук тергөө камагына киргизилген.

Белгилей кетсек, келин 6-сентябрь күнү Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында ачык турган терезеден боюн таштап жиберген. Жерге секирген келин алгач 1-кабаттын чатырына түшүп, андан кийин жерге кулаган. Анын кесепетинен эне-бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Ымыркай башынан жаракат алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү