“Элет жергесиндеги маданият үйлөрүнүн акыбалына көӊүл буруп, алардын абалын жакшыртуу жаатында иштиктүү чаралар көрүлбөсө, элдик маданият башатын жоготуп алабыз”, -деп ЖКнын жыйынында депутат Таалайбек Масабиров билдирди.

Анын айтымында, маданият үйлөрүндө бирден гана кызматкер иштейт, иш-чараларды уюштурууга чамасы жок, маянасы аз

“Маданият кызматкерлери республикалык, облустук, райондук иш-чараларга катышуу үчүн балдарды ата-энелердин эсебинен алып барат. Алардын штатын көбөйтүп, эмгек акысын жогорулатып, иш-чараларды уюштурууга каражат бөлүп берүү зарыл”, — дейт эл өкүлү.