Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 30-октябрында саат 08:22де Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.