Икрамжан Илмиянов УКМКнын СИЗОсундагы жалгыз адам отуруучу камерага которулду

Автор -

Икрамжан Илмияновду УКМКнын тергөө абагында жалгыз киши отура турган камерага которушту. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Илмиянов аны жалгыз отуруучу камерага которууну суранган.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Илмияновдун пара алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар деген билдирүү тараткан. 

Эскерте кетсек, 18-октябрь күнү Биринчи Май райондук соту Илмияновду камакка алуу боюнча токтом чыгарып, аны УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалган.